Turmush — Кадамжай районундагы мечиттин садака кутучасынан акча уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 20-апрелинде саат 03:30 чамасында Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун түштүк аймагы боюнча санариптик көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн инспектору Кадамжай шаарындагы «Аль-Бухари» мечитинин короосунда белгисиз жаран садака кутучасын бузуп, андагы акчаны уурдап жатканын байкаган.
Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгып кеткен.
Көрүлгөн чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун Бел-Өрүк айылынын 19 жаштагы тургуну Ж.И. аныкталып, кармалган.
Аталган факты боюнча Кадамжай РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“уурулук”) менен катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.