Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарында 15 жаштагы өспүрүм өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаган.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 2026-жылдын 12-апрелинде Токмок ШИИБге жашы жете элек бала асынууга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган билдирүү каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу тарабынан Токмок шаарынын Победа көчөсүнүн тургуну — 2011-жылы туулган М.А. өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганы аныкталып, ал Чүй облустук аймактык ооруканасына жеткирилген.
Териштирүүнүн жүрүшүндө алдын ала маалыматтарга ылайык, 2011-жылы туулган М.А. Россия Федерациясына кеткен апасын сагынып, ага видео кайрылуу жөнөткөндөн кийин өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганы белгилүү болгон.
«Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Териштирүү иштери уланууда. Анын жыйынтыгында катышуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат», - деп айтылат милициянын маалыматында.