Turmush — Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Жумгал районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда жергиликтүү жетекчилер боюнча маселе көтөрүлдү.
Эпкин айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Асыл Тургуналиева жергиликтүү жетекчи, айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгү боюнча сын айтып, иштебей жаткан жетекчилерди алмаштыруу керектигин белгиледи.
Жыйында ирригация жана сугат суу маселесин көтөрүп, Түгөл-Сай айылынын дыйкандары үчүн сугат суу кечеңдеп жатканы айтылды. Ошондой эле райондо айрым жетекчи, айыл өкмөттөрдүн ишин сынга алды.
«Урматтуу президенттин өкүлү, иштей турган адамдарды түз чечип кетиңиз. Иштесе иштесин, иштебесе кетириңиз. Мындай адамдар жыргатпайт, мына элдин баары кыйналып бүттү. Мен элдин атынан келип отурам. Эл "губернатор келет, барабыз" дешти. Мени шайладыңарбы мен барам, элдин атынан деп келдим. Айылдык кеңештин депутатымын, элдин үнүн сизге жеткирип жатам.
Бүт жетекчилер, айыл өкмөттөр, мамлекеттик администрация өкмөт берген кызматтык унаалар менен элге барып, элди кыдырып жүрүш керек эле. Булар болсо той-топур, тиги-буга минип жүрүшөт чалкалап. Элге барганга булардын убактысы жок. Кызматтык унааны минип алышып, чалкалап жүрүшөт. Чалкалабай элди кыдырбайбы. "Эмне кылып жатасыңар, малыңар кырылып жатат, тоютуң барбы же үрөнүң барбы?" деген бир жетекчи жок. Администрация деле минип жүрөт чалкалап. Каякта жүргөнүн, эмне кылып жатканын билбейсиң. Айыл өкмөттөр андан бешбетер. Адыбек Асанович [Жумгал районунун акимине], сиз дагы кетем-кетем деп эле кош көңүл болуп калдыңыз окшойт, иштеңиз», - деди Тургуналиева.
Президенттин облустагы өкүлү Нурбек Сатаров: «Райондук прокуратура менен биргеликте кызматтык унаалар боюнча карагыла. Эгерде жанагындай фактылар бар болсо, жеке жумушуна айдап жүргөндөр бар болсо, алар боюнча чара көргүлө», - деди.