Turmush — Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров башка жумушка которулганына байланыштуу анын ордуна Руслан Арапбаев дайындалды. Буйрукка ректор Кудайберди Кожобеков 2-декабрда кол койду.
Ал эми Элзарбек Эшаров илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор болду.
Руслан Арапбаев 2022-жылдан бери ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору кызматын аркалап келген. Ага чейин Окуу-информациялык департаментинин директору болуп турган. 2016-2017-жылдары эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, 2011-2013-жылдары математика жана информациялык технологиялар факультетинде декандын окуу иштери боюнча орун басары болгон. Ал физика-математика илиминин кандидаты, доцент. 30дан ашуун илимий макалалардын автору.
Ал эми Элзарбек Эшаров ОшМУнун физика, математика жана маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Эмгек жолунда ОшМУда, Томск мамлекеттик университетинде, Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттеринде эмгектенген. Эшаров физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.