Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Фото, видео - Жаңы жылга карата соодасы кызыган үндүк базар

Turmush -  Жаңы жыл майрамына карата Ош шаарындагы тоок базарда 8 кг чейин эт берген үндүктөр сатыкка чыгарылды. Жаңы жылды утурлай тоок алгандардын да саны арбын, дешет андагы сатуучулар.

Үндүк баккандар аларды базарга «Хендай Портер» унаасына толтуруп жүктөп барышат. Үндүктөрдүн учурдагы баасына кызыккандардын суроосуна аймактык кабарчы жооп издеп көрдү.

Кара-Суу районунун тургуну Бермет Салиева учурда короосунда 90 үндүк багып жатат. Алар жыл сайын ушул учурда үндүктөрдүн санын көбөйтүшөт.

«Биз базарга бир жылдык үндүктөрдү гана алып келдик. Алар 5 кг тарта 8 кг чейин эт берет. Учурда короодо 90 үндүк бар. Аларга күнүнө 4 чакадан жем берилет. Биз өзүбүз баккандыктан сатуучуларга караганда арзан берип жатабыз. Ургаачы үндүктөр 1000 сомдон, ал эми эркектери 1700 сомдон бааланууда», - деди Б.Салиева.

Ал эми Арслан Батыралиев 10 жылдан бери үндүк сатат. Анын айтымында, быйыл алармандардын саны жылдагыга салыштырмалуу аз.

«Мен жыл сайын жаңы жылга карата үндүк сатам. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу соодабыз суз. Азыр айрымдар жаңы жылды мурункудай шаң менен тоспой калышты. Учурда үндүк этинин 1 кг 300 сомго бааланууда десем болот. 6,5 кг чыккан үндүктөр 5 кг эт берсе, анын 1,5 кг чыгым болот. Биз көбүнчө Жалал-Абаддын үндүктөрүн алабыз. Алардын бою дагы узун болуп, эттүү келет», - деди А.Батыралиев.

Бул тоок базарда тоокту мууздап, жүнүн жулуп, этин бышырууга даярдап берүүчү жай дагы бар. Ал жерде бир үндүктү тазалап берүү үчүн 100 сом акы алышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16816
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×